"Кылмыштын "К" тамгасы жок". Курсан Асанов сот отурумуна келди (видео)
Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "75чилердин каты" боюнча соттук отурум башталды.
Сотко келген айыпталуучулардын бири Курсан Асанов журналисттерге өз оюн билдирди.
"Мен эми баа бере албайм. Баарына ыйман, ынсап берсин. Сот адилеттүү чечим чыгарат деп ишенебиз. Биздин кыймыл-аракетибизде мыйзамсыз аракеттер болгон эмес. Ишенимдүү айта алам, кылмыштын “К” тамгасы да жок. Биринчи Май райондук сотунун чечимине макул болбогондуктан, шаардык сотко кайрылып отурабыз. Баш мыйзамга баш ийебиз. Анда президент ар бир жарандын кепилдиги деп жазылган. Адилеттүүлүктү сот гана чечет. Баары жакшы болот деп терең ишенем",- деди Асанов.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту резонанстуу "75чилердин" иши боюнча өкүм чыгарган. Аталган ишке айыпталып жаткан 8 адамдын үчөө, тагыраагы, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышып, мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылышты. Бирок айыпталуучуларга 3 жылдык пробация жазасы чегерилди.
Ошондой эле аталган берене менен Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов дагы күнөөлүү деп табылып, 4 жылга абакка кесилишти. Бирок сот аларды 3 жылга үй камагына чыгарды.
Ал эми "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча бардык айыпталуучулар акталышты.
"Кылмыштын К тамгасы жок". Курсан Асанов сот отурумуна келди
0

Супер-Инфо
super.kg видео















