Иран менен согуш качан бүтөт? Трамп күтүүсүз божомолун айтты
АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен согуш АКШда 3-ноябрда өтө турган депутаттык шайлоодон кийин дароо аякташы мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу ал 9-сентябрда Вашингтондун жанындагы Эндрюс аскердик базасында журналисттерге сүйлөп жатып айткан.
"Менин оюмча, согуш шайлоодон кийин дароо аяктайт, анткени алар мындан ары туруштук бере алышпайт",- деген Трамп.
Ошондой эле ал Иран АКШдагы шайлоого таасир этүүгө "айласыз аракет кылып жатканын" айтып, Тегеран өзүнө каршы алсыз саясат жүргүзө турган адамдардын бийликке келишин каалап жатканын билдирди.
Трамп мындан тышкары, Ормуз кысыгында Иран менен байланышта болгон танкерлерге сокку уруулар күчөтүлөрүн жарыялады. Анын айтымында, буга чейин АКШнын куралдуу күчтөрү Тегеран менен иштеген 9 кемени аткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















