"75чилердин каты" боюнча сот отурумунда жарыш сөз бүтүп, түшкү тыныгууга чыгышты (видео)
Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "75чилердин каты" боюнча апелляциялык арыздын негизиндеги ишти кароо уланууда. Сот отурумунда тараптардын жарыш сөзү аяктап, судьялар түшкү тыныгууга чыгышты. Отурум саат 14:00дө уланат.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун жактоочусу Латыпбек Нуралиев сот өкүмү бүгүн чыгарын билдирди.
"Прокурорлор биздин жактообуздагы жарандарга 9 жыл жаза берүүнү сурашты. Бүгүн адвокаттар жарыш сөзгө чыгып, прокурордун талабын четке кактык. Анткени биздин жактообуздагы жарандардын күнөөсү жок деп эсептейбиз. Тергөө жана прокуратура сотто алардын күнөөсүн далилдей алган жок. Жарыш сөз аяктады. Түштөн кийин биздин жактообуздагы жарандарга акыркы сөз берилет. Андан соң сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирет",- деди жактоочу.
Эскерте кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген. Бул ишти караган прокурорлор да шаардык сотко даттанганы маалымдалган.
"75чилердин каты" боюнча сот отурумунда жарыш сөз бүтүп, түшкү тыныгууга чыгышты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















