Камчыбек Ташиев жарыш сөзүндө эмне деди? (видео)
"75чилердин каты" боюнча айыпталып жаткандарды Бишкек шаардык соту акташы керек". Мындай пикирин бүгүн, 10-сентябрда Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.
Ал бул тууралуу апелляциялык арыздын негизинде Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан иш боюнча жарыш сөз аяктап, судьялар түшкү тыныгууга чыккан учурда айтты.
Айткулов жарыш сөз учурундагы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүн да ачыктады. Анын айтымында, УКМКнын мурдагы төрагасы өзүн күнөөсүз деп эсептей турганын жана эч кандай мыйзам бузуу жасабаганын билдирген. Ошондой эле ал азыр акталбаса, кийин сөзсүз акталарын айткан.
Жактоочу өзү да Ташиевдин бул пикирине кошуларын белгилеп, айыптоочу тараптын жетиштүү далилдери жок экенин айтты.
Сот отуруму саат 14:00дө уланат. Анда айыпталуучулар акыркы сөзүн айтып, сот чечимин чыгарат.
Камчыбек Ташиев жарыш сөзүндө эмне деди?
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















