Япония аюуларга каршы дрондорду колдонууда
Япония калктуу конуштарга аюулардын көп чыгышына байланыштуу аларды көзөмөлдөө жана коркутуу үчүн дрондорду колдонууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Мындан тышкары, камералар, сенсорлор, роботтор жана мобилдик тиркемелерди колдонуу да каралууда.
Япониянын Айлана-чөйрө министрлиги жаңы технологияларды сыноо боюнча сунуштарды 7-октябрга чейин кабыл алат. Алардын жардамы менен аюулар көп кездешкен аймактардын үч өлчөмдүү карталарын түзүү жана жаныбарлардын калктуу конуштарга кирүү мүмкүн болгон жолдорун аныктоо пландалууда.
Дрондор айрым аймактарда буга чейин колдонулуп келет. Мисалы, кечээ, 9-сентябрда Хоккайдо аралындагы Такиноуэ шаарында дрондун жардамы менен аюу менен анын баласы табылган. Камера жаныбарлар малга тоют катары өстүрүлгөн жүгөрүнү жеп жатканын да тартып алган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















