super.kg logo

"75чилердин каты": Сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирди

 

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаардык соту "75чилердин каты" боюнча өкүм чыгарганы жатат. Бүгүнкү жарыш сөздөн кийин айыпталуучуларга акыркы сөз берилди.

Андан соң соттор коллегиясы өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирди. Жакын арада соттун чечими жарыяланышы күтүлүүдө.

Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту резонанстуу "75чилердин" иши боюнча өкүм чыгарган. Аталган ишке айыпталып жаткан 8 адамдын үчөө, тагыраагы, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышып, мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылышты. Бирок айыпталуучуларга 3 жылдык пробация жазасы чегерилди.

Ошондой эле аталган берене менен Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов дагы күнөөлүү деп табылып, 4 жылга абакка кесилишти. Бирок сот аларды 3 жылга үй камагына чыгарды.

Ал эми "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча бардык айыпталуучулар акталышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: