Бишкек шаардык соту "75чилердин каты" боюнча чечим чыгарды (видео)
Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаардык соту "75чилердин каты" боюнча чечим чыгарды.
Ага ылайык, бардык айыпталуучуларды 4 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм айтылды. Бирок аларга 2 жылдык пробациялык көзөмөл колдонулду.
Ошондой эле шаардык сот кылмыш ишинен "Бийликти басып алуу" беренесин алып салып, анын ордуна "Шайлоо укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесин колдонду.
Бул тууралуу отурумдан кийин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун жактоочусу Латыпбек Нуралиев билдирди.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту резонанстуу "75чилердин" иши боюнча өкүм чыгарган. Аталган ишке айыпталып жаткан 8 адамдын үчөө, тагыраагы, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышып, мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылышты. Бирок айыпталуучуларга 3 жылдык пробация жазасы чегерилди.
Ошондой эле аталган берене менен Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов дагы күнөөлүү деп табылып, 4 жылга абакка кесилишти. Бирок сот аларды 3 жылга үй камагына чыгарды.
Ал эми "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча бардык айыпталуучулар акталышты.
Сот өкүмү чыкты
Бишкек шаардык соту "75чилердин каты" боюнча чечимин чыгарды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















