Курсан Асанов шаардык соттун чечимине нааразы экенин билдирди (видео)
Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаардык соту "75чилердин каты" боюнча ишти карап, чечим чыгарды. Анда бардык айыпталуучулар 4 жылга эркинен ажыратылганы айтылды. Бирок аларга 2 жылдык пробациялык көзөмөл колдонулду.
Айыпталуучулардын бири Курсан Асанов сот чечимине нааразы экенин билдирди.
"Биздин кыймыл-аракетибизде кылмыштын курамы жок. Баары ойлонуштурулган жомок. Ошондуктан биз даттанабыз",- деди ал.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту резонанстуу "75чилердин" иши боюнча өкүм чыгарган. Аталган ишке айыпталып жаткан 8 адамдын үчөө, тагыраагы, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышып, мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылышты. Бирок айыпталуучуларга 3 жылдык пробация жазасы чегерилди.
Ошондой эле аталган берене менен Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов дагы күнөөлүү деп табылып, 4 жылга абакка кесилишти. Бирок сот аларды 3 жылга үй камагына чыгарды.
Ал эми "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча бардык айыпталуучулар акталышты.
Курсан Асанов сот чечимине нааразы болду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















