Ташиевдин жактоочусу Айткулов соттун чечимине даттана турганын айтты
Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "75чилердин каты" иши боюнча апелляциялык арыз каралып, чечим чыкты.
Айыпталуучулардын бири, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов сот чечимне каршы экендигин кабарлап, Жогорку сотко даттана турганын билдирди.
Жактоочунун айтымында, сот Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренеси боюнча айыптоону жокко чыгарып, айыпталуучуларды 195-берене боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, сот айыпталган сегиз адамды төрт жылга эркинен ажыратып, аларга эки жылдык пробация колдонгон.
Эскерте кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген.
Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов сот чечими боюнча айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















