Тажикстан эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын жаңы стадиондо белгиледи
Кечээ, 9-сентябрда Дүйшөмбү шаарындагы Улуттук стадиондо Тажикстандын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу театралдаштырылган майрамдык иш-чара өттү. Ага аталган өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон катышып, сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы Тажикстандын элин эгемендүүлүктүн мааракеси менен куттуктап, өлкөнүн өнүгүүсүндө тынчтык, туруктуулук жана улуттук биримдиктин маанилүү экенин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө “35 тагдыр чечүүчү жыл” аттуу театралдаштырылган программа көрсөтүлдү. Анда өлкөнүн өнүгүүсү, энергетикалык көз карандысыздык, өнөр жай, азык-түлүк коопсуздугу жана санариптик өнүгүү сыяктуу темалар чагылдырылды.
Майрамдык концерттик программага тажикстандык белгилүү ырчылар, музыканттар, актёрлор жана чыгармачыл топтор катышты.
Иш-чаранын алкагында 30 миң көрүүчүгө ылайыкталган жаңы Улуттук стадиондун расмий ачылышы да болду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















