Садыр Жапаров менен биринчи айым "Манас Ордого" барышты
Бүгүн, 11-сентябрда президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова реконструкциядан кийин ачыла турган "Манас Ордо" этно комплексине барышты.
Учурда Ордодо "Манас" эпосунан үзүндү сахналаштырылып, манас айтылууда.
Маалым болгондой, реконструкциядан кийин комплекс күнүнө 10 миңге чейин адамды кабыл ала алат.
Маалымат үчүн: Комплекс Талас облусунун Ташарык айылында жайгашкан.
Аталган жай 1995-жылы "Манас" эпосунун миң жылдык мааракесинен кийин "Манас Ордо" комплекси болуп негизделип, 2001-жылы ага "улуттук" деген макам ыйгарылган. Жалпы аянты 225 гектарды түзүп, анда тарыхый-архитектуралык эстеликтер, китепкана, жаш манасчылар мектеби, музейлер, ат майданы жана башка маданий жайлар орун алган. Оңдоп-түзөө иштери 2024-жылы август айында башталган.
Садыр Жапаров менен биринчи айым «Манас Ордого» барышты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















