super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө бир күндө 100дөн ашык социалдык объект ишке киргизилди

 

Бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстан боюнча 100дөн ашык социалдык объект ишке киргизилди.

Президент Садыр Жапаров Талас облусундагы имараттардын ачылыш аземдерине катышты. Алар:

  • Талас шаарындагы “Акылман” лицейи;
  • Борбордук мечит;
  • Таластагы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун көп тармактуу институтунун окуу корпусу.

Ал эми башка аймактардагы имараттардын ачылыш аземине президент онлайн форматта катышты.

Маалым болгондой, жалпысынан 34 мектеп, 28 бала бакча, 12 спорттук имарат, 9 саламаттык сактоо мекемеси, 9 маданий объект, 11 административдик имарат жана башка багыттагы 2 объект пайдаланууга берилди.

Мамлекет башчысы бул долбоорлор элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: