Өлкөдө бир күндө 100дөн ашык социалдык объект ишке киргизилди

Бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстан боюнча 100дөн ашык социалдык объект ишке киргизилди.
Президент Садыр Жапаров Талас облусундагы имараттардын ачылыш аземдерине катышты. Алар:
- Талас шаарындагы “Акылман” лицейи;
- Борбордук мечит;
- Таластагы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун көп тармактуу институтунун окуу корпусу.
Ал эми башка аймактардагы имараттардын ачылыш аземине президент онлайн форматта катышты.
Маалым болгондой, жалпысынан 34 мектеп, 28 бала бакча, 12 спорттук имарат, 9 саламаттык сактоо мекемеси, 9 маданий объект, 11 административдик имарат жана башка багыттагы 2 объект пайдаланууга берилди.
Мамлекет башчысы бул долбоорлор элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталганын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
10:47
2026-09-11
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















