Өзбекстанда түнкүсүн ызы-чуу салгандарга айып пул көбөйөт
Өзбекстанда тургундардын тынчын алган ызы-чуу үчүн айып пулдар көбөйтүлөт. Жаңы мыйзам кечээ, 11-сентябрдан тарта күчүнө киргенин жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Биринчи жолу мыйзам бузган жаранга 1,32–2,2 миллион сум, ал эми кызмат адамдарына 4,4–6,6 миллион сум айып пул салынат. Бул сумма болжолдуу 9 миңден 32 миң сомго чейин.
Эгер мыйзам бузуу бир жыл ичинде кайталанса, жарандар 3,08 миллион сумга чейин, кызмат адамдары 8,8 миллон сумга чейин айып төлөшөт. Сом менен алганда 50-65 миң болот.
Ошондой эле нормадан ашык ызы-чуу чыгарган унаалардын айдоочуларына 440 миң сум айып пул каралган.
Жумуш күндөрү саат 23:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин катуу ызы-чууга тыюу салынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:31
2026-09-13
13:53
2026-09-13
14:28
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















