Екатеринбургдагы эл аралык жаштар фестивалына Кыргызстандан 200 өкүл катышат
Кыргызстандын 200 адамдан турган делегациясы 11–17-сентябрь күндөрү Екатеринбург шаарында өтө турган Эл аралык жаштар фестивалына катышат.
Бул жылы фестивалга катышууга берилген арыздардын саны боюнча рекорддук көрсөткүч болду. Ага дүйнөнүн 191 өлкөсүнөн 113 миң арыз түшкөн. Бул көрсөткүч дүйнө жаштарынын эл аралык диалогго, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерге болгон кызыгуусу болуп көрбөгөндөй жогору экенин көрсөтөт.
«Евразия» АНО МЖФ-2026нын башкы өнөктөшү болуп, анда орус тилин жайылтууга жана «Жеңиш 9/45» эл аралык патриоттук кыймылына арналган өзүнүн интерактивдүү көргөзмө аянтчасын сунуштайт.
Аталган аянтчада коноктор «Евразия» АНОсунун долбоорлору менен таанышып гана тим болбостон, дебаттарга, командалык тапшырмаларга, медиа-практикумдарга жана ар кандай интерактивдүү иш-чараларга катыша алышат. Программанын негизгин Улуу Жеңиш, тарыхый эстутум жана дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген жаштарды бириктирген баарлашуу каражаты катары орус тили түзөт. Аянтчанын иш-чаралары аркылуу катышуучулар буга чейин эле 1,1 миллиондон ашуун адамды бириктирген «Жеңиш 9/45» эл аралык долбоору менен тааныша алышат.
Кыргызстандан келген жаштар үчүн фестиваль өз өлкөсүн жана жаштар демилгелерин таанытууга, башка мамлекеттерден келген теңтуштары менен тажрыйба алмашууга, эл аралык байланыштарды түзүүгө жана келечектеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөрдү табууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындан тышкары, катышуучулар кызматташтык, маданият, билим берүү, заманбап технологиялар жана коомдук өнүгүү темаларынын айланасында жаштарды бириктирген ири эл аралык программанын бир бөлүгү боло алышат.
Кыргызстандын мындай масштабдуу эл аралык иш-чарага катышуусу өлкө жаштарынын дүйнөлүк күн тартибине активдүү аралашып жатканын жана башка өлкөлөрдөгү теңтуштары менен байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин дагы бир жолу тастыктайт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















