Грецияда мигранттарды ташыган кайык кырсыктап, 25 адам дайынсыз болууда
Кечээ, 13-сентябрда кечинде Грециянын Крит аралына жакын жерде мигранттарды ташыган кайык кырсыктаган. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайыкта жалпы 77 адам болгон. Алардын 51и жакын жердеги кемелердин экипаждары тарабынан куткарылган. Ошондой эле бир адамдын денеси табылып, дагы 25 адам дайынсыз болуп жатканы айтылууда.
Кырсык болгон аймакта издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканы маалым болду. Ага 4 кеме, Грециянын Жээк коопсуздук кызматынын катерлери жана тик учагы, ошондой эле Frontex'тин кемелери жана аба каражаттары тартылган.
Куткарылган мигранттарды Критке жеткирип, тиешелүү процедуралардан өткөрүү пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:38
2026-09-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















