Кыргыз-ооган кызматташтыгы талкууланды
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 14-сентябрда Ооганстандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы практикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү маселелерине бурулду.
Ооган тарап Кыргызстанды ШКУ саммитинин, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өткөрүлүшү, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:01
2026-09-14
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















