super.kg logo
  Саясат  

Алымбек Осмонов Чүй районунун акими болуп дайындалды

 
Чүй районунун акими болуп Алымбек Осмонов дайындалды. Бул тууралуу райондук администрациядан бүгүн, 15-сентябрда билдирди.
Осмонов 1971-жылдын 3-мартында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылында туулган. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун жана Кыргыз экономикалык академиясын, ошондой эле юридикалык багытта билим алган.
Эмгек жолун 1992-жылы баштап, жер ресурстары, айыл чарба, мамлекеттик каттоо жана мамлекеттик башкаруу тармактарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. 2022-жылдан тартып жер ресурстары жана кадастр тармагында жетекчилик кызматтарды аркалап келген.
Мамлекеттик кызматтагы көп жылдык эмгеги үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар, анын ичинде Министрлер кабинетинин, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана башка ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: