Адылбек Касымалиев Манас шаарындагы "Акылман" лицейин ачты (сүрөт)
Бүгүн, 15-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Манас шаарындагы "Акылман" президенттик лицейинин ачылыш аземине катышты.
Маалыматка ылайык, лицей 410 окуучуга ылайыкталган. Учурда 144 окуучу 7-8-класстарга кабыл алынды.
Лицейде 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, жыйындар залы жана спорт аянтчасы бар. Балдардын билим алуусуна, спорт менен машыгуусуна, чыгармачылык жана интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө бардык шарт түзүлдү.
Касымалиев окуу корпустарын көрүп чыгып, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты. Ал мугалимдерге өзгөчө милдет жүктөлөрүн баса белгилеп, ар бир баланын жөндөмүн ачып, өз алдынча ой жүгүртүүгө, изденүүгө, жаңы нерсе жаратууга үйрөтүү зарыл экенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:01
2026-09-14
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















