Караколдо автобустар жаңыланууда
Каракол шаарында жаңы автобустар каттамга кирди. Буга чейин шаар тургундарын кичи автобустар тейлеп келген.
“Бүгүн шаардагы 15 каттамга 50дөн ашык автобус чыкты. 31-августта Shirshov фонду тарабынан шаарга 40 жаңы автобус тапшырылган. Учурда Каракол шаары заманбап, жаңы автобустар менен камсыз болду”,- деди шаар мэри Талант Иманов.
Ошондой эле шаар мэри жүргүнчүлөр менен баарлашып, жаңы автобустар тууралуу алардын пикирин сурады.
Жаңы автобустардын келиши менен жол акы өзгөрүлбөстөн, мурдагыдай эле 20 сомду түзөт. Ал эми пенсионерлер жана окуучулар үчүн 10 сомду түщүп, жеңилдик каралган.
“Учурда автобустар шаар ичиндеги жана шаар четиндеги каттамдарда жүрүп, күнүнө 10-12 миң жүргүнчүнү тейлеп жатат”,-деп билдирди автобекеттин жетекчиси Талантбек Кааров.
Мындан тышкары, октябрь айына чейин Shirshov фонду тарабынан Караколго дагы 23 жаңы автобус берүү пландалууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















