super.kg logo

Сүйүүгө кеткен 370 миң доллар: Ишкер белектерин кайтаруу үчүн сотко кайрылды

 

Сингапурдагы индиялык логистикалык компаниянын башкы директору Чандер Агарвал мурунку сүйлөшкөн кызы Фелисия Лиден менен мамилеси учурунда берген белектеринин жана төлөгөн чыгымдарынын баасын кайтарып берүүнү сот аркылуу талап кылды.

Агарвал менен Ли 2022-2023-жылдары мамиледе болушкан. Ал учурда Фелисия стюардесса болуп иштеп, Чандерге салыштырмалуу кыйла аз киреше тапкан.

Индиялык ишкер ага Гермес, Диор жана Прада сыяктуу бренддердин кымбат буюмдарын белек кылып, учактын бизнес-классындагы билеттерин алып берген. Ошондой эле кыздын батирин «гармониялаштыруу» үчүн фэн-шуй адисине миңдеген доллар төлөгөн. Мындан тышкары, анын жеке чыгымдарын, камсыздандыруусун жана университеттеги окуусун каржылаган.

Агарвал соттон бул төлөмдөр менен белектерди карыз катары таанууну жана жалпы 370 миң долларды кайтарып берүүнү талап кылган.

Бирок Сингапурдун Жогорку соту ишкердин доосун канааттандырган эмес. Соттун чечиминде Чандер менен Фелисиянын мессенжерлерде активдүү кат алышканы белгиленген. Бирок кат алышууларда кыз алган буюмдар менен акчалардын карыз болгонун далилдеген маалыматтар табылган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: