Орусиялык ишкер Трамптын уулунун тоюн каржылаганы тууралуу маалымат АКШда талкуу жаратты
АКШнын президенти Дональд Трамптын уулу Дональд Трамптын үйлөнүү тоюна байланыштуу окуя америкалык мыйзам чыгаруучулардын көңүлүн бурду. Буга майрамдык иш-чаранын чыгымдарынын бир бөлүгүн орусиялык ишкер Умар Кремлёв төлөгөнү тууралуу маалымат себеп болду.
Өкүлдөр палатасынын Көзөмөл боюнча комитетиндеги демократтардын лидери Роберт Гарсия Ак үйдүн аппарат жетекчиси Сьюзи Уайлзга кат жөнөтүп, Трамп кичүү менен Кремлёвдун байланыштарына байланыштуу документтерди жана кат алышууларды талап кылды.
Ошондой эле ал АКШ бийлиги Кремлёвдун Орусиянын президенти Владимир Путин менен байланышы тууралуу Трамптын үй-бүлөсүнө эскертүү берген-бербегенин аныктоону көздөөдө.
Буга ProPublica басылмасынын 14-сентябрда жарыяланган иликтөөсү себеп болгон. Анда Кремлёв кичүү Трамп менен Беттина Андерсондун 2026-жылдын май айында Багам аралдарында өткөн үйлөнүү тоюнун кийинки майрамдык иш-чараларынын бир бөлүгүн каржылаганы айтылган. Тактап айтканда, үч күндүк кечени өткөрүү үчүн жеке аралды ижарага алуу жана фейерверк чыгымдары төлөнгөнү маалымдалган.

Трамптын уулунун жубайы Беттина Андерсон Кремлёвдун майрамды уюштурууга катышканын тастыктады. Анын айтымында, үйлөнүү тою өзү буга чейин жакын үй-бүлөлүк чөйрөдө өткөн. Ал эми достору менен кийинки эки кечки майрам алдын ала пландалган.
Беттинанын айтымында, Кремлёв жаш жубайларга үйлөнүү тоюнан кийин эки кечени уюштуруп берген. Ал муну «досунан келген өтө берешен үйлөнүү белеги» деп атап, алар ишкерге ыраазы экенин билдирди.
Ошондой эле ал окуянын артында саясий себептер бар деген божомолдорду четке какты. Беттина достук сөзсүз эле саясат менен байланыштуу эмес экенин жана белек кандайдыр бир жашыруун максатты билдирбестигин белгиледи.
Ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө бул окуяда «эч кандай сыр жок» экенин айтып, аны үй-бүлөлүк той жана достор менен өткөрүлгөн жакшы дем алыш катары сыпаттады.
Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп Axios басылмасына Кремлёвдун ким экенин билбей турганын жана ал тууралуу буга чейин укпаганын билдирди. Президент орусиялык ишкер анын уулунун үйлөнүү тоюнун өзүн каржылабаганын баса белгиледи.

Трамптын айтымында, Кремлёв төлөгөн иш-чара үйлөнүү тоюнан кийинки кече болгон жана ал башка жерде, башка күнү өткөн. Президент өзү ага катышкан эмес.
Бул окуя боюнча иликтөө улантылышы мүмкүн. Учурда Роберт Гарсия демократтар азчылыкта тургандыктан, талап кылган документтердин баарын мажбурлап алууга мүмкүнчүлүгү чектелүү.
Кырдаал 3-ноябрда өтө турган АКШ Конгрессинин аралык шайлоосунан кийин өзгөрүшү мүмкүн. Эгер демократтар Өкүлдөр палатасында көпчүлүккө ээ болсо, Гарсия Трамптын үй-бүлөсү менен чет элдик ишкерлердин ортосундагы каржылык байланыштарды иликтеген негизги мыйзам чыгаруучулардын бири болушу мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















