Балдар үчүн 300 жаңы окуу-өнүктүрүү материалы иштелип чыгат
2029-жылга чейин өлкөдө мектепке чейинки билим берүү үчүн балдарга, тарбиячыларга жана ата-энелерге арналган 300 жаңы материал иштелип чыгат.
Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда, Агартуу министрлигинде мектепке чейинки билим берүү материалдарына жүргүзүлгөн функционалдык талдоонун жыйынтыктарын тааныштыруу учурунда белгилүү болду.
Талдоо SMART-ED ISDB/ISFD/GPE долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Долбоор Агартуу министрлиги тарабынан Ислам өнүктүрүү банкынын, Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен 2025–2029-жылдары ишке ашырылууда.
Изилдөөнүн жүрүшүндө колдонуудагы материалдар бирдиктүү реестрге топтолуп, алардын артыкчылыктары жана кемчиликтери аныкталган.
Анын жыйынтыгында 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар, тарбиячылар жана ата-энелер үчүн компетенттүүлүккө багытталган 300 инновациялык материалды иштеп чыгуу сунушталган.
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын айтымында, жаңы материалдар басма түрү менен гана чектелбестен, санариптик, аудио жана видео форматтарда да даярдалышы керек. Алар ата-энелер менен педагогдорго балдардын практикалык көндүмдөрүн эрте курактан өнүктүрүүгө жардам берет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















