super.kg logo

"Учкун" басмаканасы мектеп китептеринин базарга чыгып кеткени боюнча билдирүү жасады

 

“Учкун” басмаканасынын аппарат башчысы Бек Иманалиев базарда сатылып жаткан китептерге басмакана жооп бербей турганын билдирди. Мындай пикирин ал бүгүн, 17-сентябрдагы маалымат жыйынында айтты.

Ал билдиргендей, басмакана учурда Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" мекемеси берген буюртманын негизинде гана китеп басып чыгарууда.

"Китептин автору Агартуу министрлигине карашуу "Окуу китеби" мекемеси болуп эсептелинет. Келишимдин негизинде бизге укук берилген. Бишкек, Ош шаарларында жана айрым аймактарда кээ бир жеке мектептерге министрлик менен алдын ала макулдашуунун негизинде буюртма боюнча китептерди басып чыгарып жатабыз. Автордук укуктун алкагында гана",- деди ал.

Иманалиев ошондой эле базарларга сатыкка сыгып кеткен китептер боюнча басмакана көзөмөл кыла албастыгын, бул боюнча укук коргоо органдары иш алып барып жатканын белгиледи.

"Биз буюртма берген тараптардын (ред.: Агартуу министрлиги) талаптарын гана аткарабыз. Андан аркы көзөмөл бизде жок. Тиешелүү жактарга акт менен өткөрүп беребиз",- деди ал.

Кечээ, 16-сентябрда депутат Дастан Бекешев мектептерде окуу китептери жетишсиз болгонуна карабай, алар базарда сатылып жатканын билдирген болчу. Буга удаа Агартуу министрлиги мектептердеги окуу китептерине QR-код коюуну сунуштаган.









"Учкун" басмаканасы китептердин базарга чыгып кеткени боюнча 

"Учкун" басмаканасы китептердин базарга чыгып кеткени боюнча пикирин билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: