Азия оюндары: Өлкө куржунунда алгачкы медаль
Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында спорттун ММА түрү боюнча Дастан Каныбек уулу коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, ал 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттеште япониялык каршылашы Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде уткан.
Чейрек финалда ирандык Чаедифар Аминди 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алган.
Бүгүн, 21-сентябрда ал өзбекстандык Фирдавс Атамуратов менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңилип, коло медаль ээси болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2026-09-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















