Тоодо туристтердин алдынан ак илбирс чыкты (видео)
Кечээ, 20-сентябрда Алматыда тоого чыгып бара жаткан туристтердин алдынан ак илбирс чыккан. Окуянын видеосу интернет желесине тарады.
Автордун айтымында, алардын ээрчип алган ити маал-маалы менен үрүп жаткан. Көп өтпөй ак илбирс түз эле жолго чыккан. Туристтер итти чакырып, илбирстен алыстатууга аракет кылышкан, бирок ит аларга барбай, үрө берген.
Кийин башка тараптан келген туристтердин тобу итти алып, ылдый көздөй түшүрүшкөн. Ал эми ак илбирс тоо боору менен өйдө карай жылып кеткен.
Тоодо туристтердин алдынан ак илбирс чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:45
2026-09-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















