Венгриянын премьер-министри жолугушууда күтүүсүз жагдайга кабылды (видео)
Венгриянын Сексард шаарында түшүм майрамы өтүп жаткан учурда белгисиз жаран премьер-министр Петер Мадьярдын бетине шарап чачты. Окуянын видеосун премьер-министр 20-сентябрда соцтармактагы баракчасына жарыялаган.
Видеодон көрүнгөндөй, эркек киши бокалдагы шараптан бир ууртам ичкенден кийин анын калганын Мадьярдын бетине чачкан. Андан соң күзөт кызматкери аны дароо алып чыгып кеткен. Мадьяр болсо майрамга келгендер менен сүйлөшүүсүн уланткан.
Мадьярдын айтымында, шарап чачкан адам Венгриянын мурдагы премьер-министри Виктор Орбандын тарапташы болгон. Ал өзү майрамга жергиликтүү тургундардын чакыруусу менен келгенин кошумчалаган.
Белгисиз жаран Венгриянын премьер-министрине шарап чачты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















