super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын президенти болуп Тимур Ибрагимов шайланды

 

Бүгүн, 21-сентябрда Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын президенти болуп Тимур Ибрагимов шайланды. Анын талапкерлигин 108 делегат колдогонунун аталган мекеме билдирди.

Федерациянын жаңы шайланган президенти делегаттарга ишеним көрсөтүшкөнү үчүн ыраазычылыгын билдирип, жаңы кызматты биринчи кезекте спортчулардын жана өлкөнүн алдындагы жоопкерчилик катары кабыл аларын белгиледи.

“Спортчубуз мамлекеттик желектин алдында татамиге чыкканда, анын артында бүтүндөй Кыргызстан турат. Биздин милдет – спортчулар, машыктыруучулар жана жалпы команда үчүн мыкты шарттарды түзүп, кыргыз дзюдосунун өнүгүшүнө жана эл аралык аренада жаңы жеңиштерге жетишине өбөлгө түзүү”,– деп белгиледи Тимур Ибрагимов.

Алдыдагы негизги милдеттердин бири – бул улуттук курама команданын жакынкы эл аралык мелдештерге даярдыгын камсыз кылуу. Муну менен катар Федерация бүтүндөй олимпиадалык циклге багытталган системдүү ишти жолго коюуну көздөөдө. Анын алкагында окуу-машыгуу жыйындарын, мелдештерди, спортчулардын калыпка келүүсүн жана медициналык коштоону алдын ала пландаштыруу каралат.

Аймактарда дзюдону өнүктүрүүгө, спорттук мектептерди колдоого жана улуттук курама команданын резервин даярдоого өзгөчө көңүл бурулат. Федерациянын иши машыктыруучулар, спортчулар, медициналык штаб жана аймактардын өкүлдөрү менен туруктуу диалогдун негизинде жүргүзүлөт.

Буга чейин бекитилген өнүктүрүү программасы мындан аркы иштин негизги багыты бойдон калат. Ошол эле учурда айрым багыттарды күчөтүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана конкреттүү спорттук милдеттерди ишке ашырууга өнөктөштөрдү тартуу пландалууда.

Тимур Ибрагимов башкаруу жана банк ишмердиги тармагында мол тажрыйбага ээ. Федерациядагы ишинде ал системалуу мамилеге таянып, спорт коомчулугунун кесиптик тажрыйбасын эске алууну жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алууну көздөйт.

“Алдыда бизди биргелешип алып баруучу чоң иш күтүп турат. Күч-аракетибизди бириктирүү менен кыргыз дзюдосун жаңы деңгээлге чыгарып, бүтүндөй Кыргызстан сыймыктана турган жыйынтыктарга жетише аларыбызга ишенем”,– деди федерациянын жаңы президенти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: