Садыр Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путинге кат жолдоду
Кечээ, 21-сентябрда президент Садыр Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путинге Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоонун өткөрүлүшүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, куттуктоосунда Жапаров жаңы чакырылыштагы Мамлекеттик Дума Орусиянын алдында турган милдеттерди ишке ашырууга жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошоруна ишеним билдирген.
Ошондой эле Кыргызстан үчүн эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтык маанилүү экенин белгилеп, кыргыз-орус парламенттер аралык байланыштарын мындан ары кеңейтүүгө үмүт арткан.
Президент Путинге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Орусия элине тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалаган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















