super.kg logo
  Саясат  

Жапаров БУУда Ысык-Көлдү сактоо үчүн эл аралык трасттык фонд түзүүнү сунуштады

 

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Ал сөзүндө дүйнөдөгү куралдуу жаңжалдар, БУУну реформалоо, эл аралык санкциялар, климаттын өзгөрүшү жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүнө токтолду.

Жапаров Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү катары эл аралык укукту, адилеттүүлүктү жана мамлекеттердин тең укуктуулугун колдой турганын белгиледи.

Мындан тышкары, президент БУУнун чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу коомдук реестр түзүүнү жана чечимдер системалуу түрдө аткарылбаган учурда жоопкерчилик механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады.

Сөзүндө климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө көңүл бурган Жапаров Ысык-Көлдүн экологиялык абалына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, акыркы 170 жылда көлдүн деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөгөн.

Президент БУУну, эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын биргелешкен трасттык фонд түзүүгө чакырды. Кыргызстан фондго мамлекеттик бюджеттен 10 миллион доллар салууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле Жапаров 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммити өтөрүн айтып, мамлекет башчыларын ага катышууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: