Бүгүн Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар спорттун 8 түрүнөн күч сынашат
Бүгүн, 22-сентябрда Кыргызстандын спортчулары Азия оюндарында бокс, волейбол, каратэ, сууда сүзүү, пляждык волейбол, спорттук гимнастика, ушу-саньда жана фехтование боюнча мелдештерге катышат.
Өлкө намысын коргоочу спортчулар:
- Бокс: Зафарбек Камилов;
- Каратэ: Назим Нурланов;
- Сууда сүзүү: Айымкыз Айдаралиева жана Даниэль Насридинов;
- Спорттук гимнастика: Анаита Красноперова;
- Ушу-саньда: Марсель Жеңишбек уулу, Аброр Хакимов, Темирлан Аманкулов;
- Фехтование: Тим Абрамкин жана Акак Кеңешова.
Ошондой эле Кыргызстандын волейбол жана пляждык волейбол боюнча командалары беттеш өткөрөт.
Белгилей кетсек, Азия оюндары 4-октябрга чейин Япониянын Нагоя шаарында уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:37
2026-09-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















