"Каркыра" посту боюнча Казакстан бир тараптуу чектөө киргизгени айтылды
Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Медина Кайрылбекова Ысык-Көлгө Казакстан аркылуу келе жаткан туристтер кечинде өтө албай жатышканын айтты.
Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Мансур Исаков эки өлкө туристтик сезонго байланыштуу "Каркыра" өткөрүү пунктун күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү боюнча макулдашышканын билдирип, бирок Казак тарап аны аткарбай жатканын белгиледи.
"Казакстан бир тараптуу эле "туристтердин агымы аз" деген жүйө менен саат 9:00дөн 18:00гө чейин эле иштөө режимин киргизип алды. Биз бул боюнча жогорку жетекчиликке маалымат бергенбиз",- деди ал.
Кайрылбекова бул жаата өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин айтты.
"Каркыра" посту боюнча Казакстан тарап бир тараптуу чектөө киргизгени айтылды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















