Финансы министринин орун басары мамлекеттик карыз тууралуу маалымат берди
Бүгүн, 21-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев мамлекеттик карыз тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, былтыр мамлекеттик карыздын көлөмү 8 миллиард 919,2 миллион долларды түзгөн. Анын 5 миллиард 345,7 миллион доллары тышкы карыз.
"Мамлекеттик карыздын ички дүң өндүмгө болгон катышы 39,5 пайызды түздү. Бул көрсөткүч карыздык абалдын туруктуулугун билдирет. Былтыр республикалык бюджеттен мамлекеттик карызды тейлөөгө 77,1 миллиард сом багытталды",- деди Аманбаев.
Финансы министринин орун басары мамлекеттик карыз тууралуу маалымат берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















