Кыргыз тили тууралуу видеолорду чыгарган блогер Айтилек Орозбеков сотто толугу менен акталды (видео)
Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн, 22-сентябрда блогер Айтилек Орозбековду толугу менен актады. Бул тууралуу Орозбеков өзү социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, ал мамлекеттик тил боюнча видеолорду жарыялаганына байланыштуу бир жарым жыл соттошкон.
"Акталдым! Мыйзамдуу, адилеттүү актоо өкүмү чыкты. Тилди сактоо - бул элди сактоо, мамлекетти сактоо. Кыргыз тилибизди колдойлу!",- деп жазды блогер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.
Эска салсак, буга чейин блогердин интернеттеги билдирүүлөрү боюнча кылмыш иши козголуп, ал улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген. Кылмыш иши кайра каралып, комиссиялык-лингвистикалык экспертиза дайындалган.
Блогер Айтилек Орозбеков сотто толугу менен акталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















