Садыр Жапаров америкалык ишкерлерге аны тактыга эл алып келгенин айтып берди
Өлкө башчы Садыр Жапаров америкалык ишкерлерге Кыргызстан башынан үч революция өткөргөнүн айтып берди.
Президент Кыргызстан СССР жоюлгандан кийин эгемендүүлүк алганын эске салды.
"35 жыл аралыгында биздин кичинекей мамлекетте үч жолу революция болду. Биринчиси 2005-жылы болуп, президентибиз качып кетти. Экинчиси 2010-жылы болуп, анда да президентибиз качып кетти. 2020-жылы болсо, үчүнчү жолу революция болду. Ошондо мен камакта жаткам. Эл мени камактан чыгарып туруп, башка эч кимге ишенбестен "ушул оңдойт" деп тактыга отургузду",- деди Жапаров кечээ, 21-сентябрь күнү АКШда ишкерлер менен жолугушууда.
Садыр Жапаров америкалык ишкерлерге аны тактыга эл алып келгенин айтып берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















