super.kg logo

Чаткалда окуучунун өлүмү: Маркумдун жакындары окуянын чоо-жайын айтышты (видео)

 

Чаткал районунун Курулуш айылында 9-класстын окуучусу балдардын ур-токмогунан каза болгону тууралуу маалымат басма сөз каражаттарына тараган. Окуя 18-сентябрда болуп, маркум ооруканага жетпей каза тапкан.

Super.kg порталы бул окуянын чоо-жайын маркум Дастандын жакындарына байланышып тактады. Ошондой эле мектеп жетекчилигинен окуя боюнча маалымат алдык. Жакындарынын айтымында, окуучулар арасындагы чыр суусундук талап кылуудан келип чыккан. Маркум Дастан классташтары менен айтылган суусундукту алып келбей койгондон кийин аларды 11-класстын төрт окуучусу дааратканада ур-токмокко алган.

Окуя боюнча учурда тергөө иштери башталып, шектүү балдар кармалып, иликтөө уланууда.

Репортажды толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: