Марлен Маматалиев кыргыз тилге аяр мамиле жасоого чакырды
Ар бир үй-бүлөдө мамлекеттик тилге болгон мамиле бекем болсо, мамлекеттин да келечеги да бекем болот. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктаганда айтты.
"Тилибиз мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн, улуттук биримдигибизди чыңдоонун, руханий мурасыбызды сактап, келечек муундарга жеткирүүнүн маанилүү куралы. Ага ылайык, азыркы тапта кыргыз тилин коомдук турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонууга, заман талабына ылайык өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Албетте, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү мыйзамдар же талаптар менен гана чектелбейт. Тилдин күчү аны күн сайын колдонууда, балдарыбызга үйрөтүүдө жана кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүүдө турат. Ар бир үй-бүлөдө мамлекеттик тилге болгон мамиле бекем болсо, мамлекеттин да келечеги да бекем болот",- деген төрага.
Айта кетсек, кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна быйыл 37 жыл толду.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















