ЖЫЛНААМА, 23-сентябрь: Мамлекеттик тил күнүнө 37 жыл
Бүгүн, 23-сентябрда Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү белгиленет. Бул дата кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген күнгө байланыштуу.
Мындан 37 жыл мурун, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Совети "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамды кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берген.
Тил тууралуу мыйзам ошол кездеги коомдук-саясий өзгөрүүлөрдүн фонунда кабыл алынган. 1980-жылдардын аягында союздук республикаларда улуттук тил, тарых жана маданият маселелерине көңүл күчөп, Кыргызстанда да кыргыз тилинин коомдук турмуштагы ордун кеңейтүү талабы көтөрүлгөн.
Ал эми 2023-жылдын 17-июлунда "Кыргызстандын мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык мыйзам кабыл алынган. Анда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий тил катары белгиленген. Ошондой эле бардык этностордун өз эне тилин сактоо, үйрөнүү жана өнүктүрүү укугу каралган.
Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарында, сот өндүрүшүндө, Куралдуу күчтөрдө, укук коргоо органдарында жана иш кагаздарын жүргүзүүдө колдонулат.
23-сентябрга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















