super.kg logo
  Саясат  

"Энергетикти тамактай эле ичип жатышат". Депутат жаштардын ден соолугуна тынчсызданды (видео)

 

Жогорку Кеңештин 23-сентябрдагы жыйынында депутат Талант Мамытов жаштардын ден соолугуна тынсыздануусун билдирип, бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Айтымында, Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, аскер кызматына чакырылып жаткандардын ичинен дээрлик көпчүлүгүнүн ден соолугунда маселе болууда.

Албетте, аларды толугу менен аскерге жараксыз деп айтууга болбойт. Бирок бул баарыбызга коңгуроо. Анткени биздин келечегибизди аныктай турган, коргой турган жаштардын ден соолугу ушундай абалда болсо, бул аябай кейиштүү”,- деди ал.

Эл өкүлү дарыгерлерге таянып жаштардын ден соолугунун начарлашына алардын тамактануусу, анын ичинде энергетикалык суусундуктарды көп колдонгону себеп болуп жатканын айтты.

"Анын биринчи катарында энергетик суусундуктар турат. Аны айдоочулар алыскы жолго унаа башкарганда уктап калбаш үчүн ичишчү эле. Ал жүрөктүн иштешин тездетет. Бирок жаштар аны суусундук, тамак катары ичип жатышат. Мындан ашказан, боор, бөйрөк, жүрөк жабыркап, тахикардия пайда болууда. Буга көңүл буруу керек",- деди депутат.






Депутат жаштардын ден соолугуна тынчсызданды 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: