Президенттикке талапкерди колдоп, кол чогултуу "Түндүк" аркылуу жүргүзүлөт
Өлкөдө президенттикке талапкерди колдоп, кол чогултуу "Түндүк" порталы аркылуу жүргүзүлөт. Тиешелүү жобону Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-сентябрда бекитти.
Документке ылайык, “Түндүк” порталы аркылуу шайлоочунун инсандыгы электрондук түрдө ырасталып, ал тандалган талапкерди колдоосун билдире алат.
Колдоо катталгандан кийин тиешелүү маалыматтар, ошондой эле колдоону билдирген күн жана убакыт маалыматтык тутумда автоматтык түрдө катталат.
"Бул колдорду чогултуу жана эсепке алуу процессин автоматташтырууга, кагаз документ жүгүртүүнү азайтууга, убакытты үнөмдөөгө жана техникалык каталардын тобокелдигин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, талапкерлер үчүн чогултулган колдордун саны тууралуу маалыматтарды ыкчам алуу жана кол чогултуу процессинин ачыктыгын камсыз кылууга шарт түзөт",- деп жазылат маалыматта.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















