Депутат мектептеги рэкетчиликти азайтуу үчүн агайлардын санын көбөйтүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Ахмедова мектептерде эркек мугалимдердин санын көбөйтүүнү сунуштады.
Эл өкүлү бүгүн, 23-сентябрдагы парламент жыйынында мындай кадам менен окуучулардын тартибин жөнгө салса боло турганын айтты.
"Агай балдарга сабак гана бербестен, аларга тартипти, жоопкерчиликти, сабырдуулукту үйрөтөт. Эркек бала үчүн жакшы агай деген үлгү боло турган адам. Мугалимдердин эмгек акысын көтөрсөк, ошондо эркектер да ал кесипти тандоого кызыгышат. Андыктан Агартуу министрлиги эркектерди мектепке тартуу боюнча атайын программа иштеп чыгышы керек",- деди Ахмедова.
Депутат мектептеги рэкетчиликти азайтуу үчүн агайлардын санын көбөйтүүнү сунуштады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:19
2026-09-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















