super.kg logo

Трамп Си Цзиньпин үчүн 60 жылдан бери сакталып келген протоколду бузат

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын президенти Си Цзиньпинди Эндрюс авиабазасынан жеке өзү тосуп алат. Трамптын мындай кадамы 60 жылдан бери сакталып келген протоколдун бузулушуна алып келет. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, АКШ президенти чет өлкөлүк лидерди бул авиабазадан жеке өзү тосуп алган акыркы учур 1962-жылы болгон. Анда президент Жон Кеннеди Улуу Британиянын премьер-министри Гарольд Макмилланды учуп-конуу тилкесинен тосуп алган. Financial Times басылмасы Трамптын мындай кадамы Си Цзиньпинге болгон терең урматтын белгиси болорун белгилеген.

Си Цзиньпин АКШга 23-25-сентябрь күндөрү мамлекеттик сапар менен барат. Бул анын 11 жылдан бери АКШга жасаган биринчи мамлекеттик сапары болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: