Трамп: "Шайлоодон кийин Иран менен келишим түзөбүз"
АКШ президенти Дональд Трамп кечээ, 22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясында АКШ Иран менен келишимди 3-ноябрдагы Конгресске болгон шайлоодон кийин түзүшү мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет өкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
"Менимче, биз шайлоодон кийин дароо Иран менен келишим түзөбүз, анткени алардын келишим түзбөшүнө эч кандай негиз жок. Алар аралык шайлоодо менин иштерим кандай болорун күтүп жатышат",- деди Трамп.
Ошондой эле ал Нью-Йоркто АКШ менен Ирандын өкүлдөрү бир нече айдан бери биринчи жолу сүйлөшүү өткөргөнүн белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:58
2026-09-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















