Бишкекте 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады
Бишкек шаарындагы Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 23-сентябрдагы маалыматына караганда, мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулган. Курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталган.
Заманбап үлгүдөгү билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Анда окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары бар.
Учурда мектепти пайдаланууга даярдоо боюнча акыркы иштер жүргүзүлүүдө.
Жаңы мектеп ишке берилгенден кийин Бишкектеги окуучулар үчүн кошумча орундар түзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:18
2026-09-23
17:55
2026-09-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















