super.kg logo

Мушкер Акбар Абдуллаевге Ошто аргымак тартуулашты (видео)

 

Кыргызстандык мушкер Акбар Абдуллаевди кичи мекени Ош шаарында да жылуу тосуп алып, аргымак миңгизишти. Тиешелүү видео социалдык тармакта жарыяланды.

Айта кетсек, Абдуллаев UFC президенти Дана Уайттын талапкерлер сериясындагы беттешинде бразилиялык Эднилсон Сантос менен күч сынашып, атаандашын 19 секундда нокаутка учураткан.

Абдуллаевдин жеңишинен кийин UFC президенти Дана Уайт анын көрсөткүчүнө жогору баа берип, мушкерди шоу тарыхындагы "эң чоң таланттардын бири" деп атаган. Эми 28 жаштагы кыргызстандык мушкер карьерасын UFC'де улантат.

Мушкер кечээ, 22-сентябрда өлкөгө кайтып келген.

Эскерте кетсек, 28 жаштагы Акбар Абдуллаев Ош облусунун Мады айылында төрөлгөн. Ал 3-4 жашында үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп кеткен. Ал жактан муай-тай жана кикбоксинг менен машыккан.







Кыргыз мушкери Акбар Абдуллаевге аргымак тартуулашты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: