Ош мэри мушкер Акбар Абдуллаевди кабыл алды (видео)
Бүгүн, 24-сентябрда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев мушкер Акбар Абдуллаевди кабыл алып, акчалай сыйлык тапшырды.
Өз сөзүндө шаар башчы мушкерди АКШда өткөн беттешиндеги жеңиши менен куттуктап, мындан аркы спорттук карьерасына ийгилик каалады.
Эске салсак, 15-сентябрда АКШда өткөн Dana White's Contender Series турниринде Акбар Абдуллаев бразилиялык Эднилсон Сантос менен беттешип, аны болгону 19 секундда нокаут менен жеңген. Бул жеңишинин артынан кыргызстандык мушкер UFC менен расмий келишим түздү.
Маалымат үчүн: 28 жаштагы Акбар Абдуллаев Ош облусунун Мады айылында төрөлгөн. Ал 3-4 жашында үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп кеткен. Ал жактан муай-тай жана кикбоксинг менен машыккан.
Ош мэри мушкер Акбар Абдуллаевди кабыл алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:43
2026-09-24
19:18
2026-09-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















