Салык кызматы жаңы расмий сайтын ишке киргизди
Бүгүн, 25-сентябрдан тартып Мамлекеттик салык кызматы жаңы расмий сайт ишке киргизилгенин маалымдайт.Жаңыланган https://sti.gov.kg/ сайты жөнөкөйлөштүрүлгөн түзүмү, заманбап дизайны жана ыңгайлуу багыты менен айырмаланат. Сайттын негизги мүмкүнчүлүктөрү:
- "AiSalyk" виртуалдык консультанты — жасалма интеллект технологияларын колдонгон чат-бот. Ал салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берет.
- Бюджет менен эсептешүүлөрдү текшерүү — эсептешүүлөрдүн абалы тууралуу маалыматты авторизациядан өтпөстөн эле сайттын башкы бетинен алууга болот.
- Электрондук ресурстарга тез жетүү — сайтта мамлекеттик маалыматтык ресурстарга, "Салык төлөөчүнүн кабинетине" жана башка сервистерге түз шилтемелер жайгаштырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















