Сузакта таштанды үчүн жарандар айыпка жыгылышты (видео)
Сузак районундагы Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында жергиликтүү тургундар тарабынан Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды калдыктары төгүлгөндүгү аныкталды.
Аталган факт боюнча эки жаранга карата административдик протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жаратылыш министрлиги 25-сентябрда маалымдагандай, ал жерде айыл башчыларына жана жергиликтүү тургундарга экологиялык талаптарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.
Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөндөргө айып пул салынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















