super.kg logo

Камактагы Куреновдун кысымга кабылганы айтылды

 

Камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) кысымга кабылып жатканын айттып даттанды. Бул тууралуу активисттин жубайы Белек Бактыбекова Facebook баракчасына жазып чыкты.

Ал бул боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевге кайрылды.

"Бүгүн 25-сентябрда Ленин райондук сотундагы отурумда Тилекмат Кудайберген уулу СИЗО-1дин кызматкерлери тарабынан кысымга кабылып жатканын, ар-намысын басмырлап, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кемсинтишкенин айтып даттанган. Качанкыга чейин жабык жайлар боюнча маселе көтөрүлгөндө ЖАМК “чындыкка дал келбейт” деп кутула берет?

Качан ведомстволор аралык жана Жогорку Кеңеш менен биргеликте комиссия түзүлүп, бир олуттуу териштирүү же текшерүү болот? Жабык жайларда кармалып турган адамдардын укуктарынын сакталышы мамлекеттик органдардын түздөн-түз жоопкерчилигинде. Качанкыга чейин жоопкерчиликке тартылбашына ишенген кызматкерлер мыйзамсыз иш-аракеттерин уланта беришет?" - деп жазыда ал.

Эске салсак, жарандык активист БАЭден кармалып, былтыр 19-апрелде өлкөгө жеткирилген. Аны 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту камакка алган.

Куренов 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ошол убакта АКШда экенин айткан.

2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарына барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке кагып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: