Биринчи айымдын суктандырган жоолугун жасаган Толкун Дайырбекова менен маек (видео)
Биринчи айым Айгүл Жапарованын Түштүк Кореяга болгон иш сапарында аксессуар катары тагынган жоолугу коомчулуктун кызыгуусун жаратты. Кыргызстандын тоолору, жерибиздин улуттук белгилери түшүрүлгөн жоолук анын образынын өзгөчө бир бөлүгүнө айланды. SUPER.KG порталы жоолуктун автору, "Tolkun ethno" брендинин негиздөөчүсү Толкун Дайырбекова менен маектештик.
- Саламатсызбы, Толкун айым! Алгач ушул жоолук тууралуу айтып берсеңиз. Аны жасоодо эмнеден шыктандыңыз? Кыргызстандын тоолорун жоолукка түшүрүү идеясы кантип жаралды?
- Саламатсыздарбы! Мен төрт жылдан бери "Tolkun ethno" бренди менен салттуу бел боолорду бүгүнкү күндүн стилине ылайыкташтырып, жаңылап чыгарып келем. Бел боолорду тагынганда ага комплект катары жоолук керек экенин түшүндүм. Ошондон кийин "жоолукту кандай жол менен ыңгайлуу кылып чыгарсам болот" деп ойлонуп жүрдүм. Кийинчерээк ою тартканды үйрөнүү үчүн сүрөт ийримине катышып баштадым. Оюларды түшүрүүнүн ар кандай ыкмаларын үйрөнүп отуруп, өлкөбүздүн символдорун, улуттук оюларды жоолукка түшүрүүнү туура көрдүм.
Жоолук күнүмдүк колдонулган буюм. Аны башыбызга салабыз, ошондуктан тебелендиде калбайт. Аялзаты назик болгондуктан, жоолук да назик, денеге жагымдуу жана жумшак болушу керек деп ойлоп, жоолукка атайын жибек жана пахтадан токулган кездеме тандалды. Сапаттуу кездемеден жасалганынын дагы бир максаты бар. Бул буюмду сүйүктүү же жакын адамыңа белек кылганда, ал көпкө чейин кызмат кылса деген ниет болду.
- Жоолуктагы өзгөчө символдор тууралуу айта кетсеңиз. Алардын кандай мааниси бар?
- Эң эле өзгөчөлүгү – Эдельвейс гүлү. Бул тоо-таштын арасында, татаал аба ырайынын шартында өскөн, сейрек кездешүүчү бийик тоо гүлү. Мен бул гүлгө абдан суктанам. Ошондой эле анын ушундай шартта да гүлдөп турганын адамдын жашоосу менен салыштырдым. Жашоодо кандай гана кырдаал болбосун, адам гүлдөп-жайнап, алдыга умтулуп жашай бериши керек деген маанини бергим келди. Негизинен эдельвейс гүлү – мен үчүн туруктуулуктун, эрктүүлүктүн жана сүйүүнүн символу.
Мындан тышкары жоолукка кыргыз жеринин аска-зоолуу Ала-Тоосун, элибизде тынчтык болсун деген тилек менен ачык асманды түшүрдүм. Жоолукта толкун да бар. Аны бир жагынан өзүмдүн атыма байланыштырсам, экинчи жагынан, жашоодо кандай гана толкундар болбосун, өмүрүбүз улана берсин деген маанини бергим келди. Бул жоолуктан тышкары коллекцияда "Айгүл гүлү", "Ак илбирс" деп аталган жоолуктар да бар. Алардын ар биринин өзүнчө символикалык мааниси бар.



- Жоолукту биринчи айым Айгүл Жапарова Түштүк Кореядагы образынын бир бөлүгү болот деп ойлодуңуз беле?
- Чынын айтсам, биринчи айымдын образынын бир бөлүгү болот деп күткөн эмесмин. Бул мен үчүн күтүүсүз болду. Аябай кубанычтуу жаңылык болду. Бирок жоолуктун дизайнын жасап жатканда чет өлкөдөн келген коноктор өлкөбүздүн символдору камтылган жоолукту жакындарына белек катары алып кетсе деген ой болгон. Башкача айтканда, жоолук аркылуу Кыргызстандын маданиятын, табиятын жана символдорун көрсөтүүнү каалагам.
- Бул өзгөчө жоолуктун артында турган чыгармачыл адам катары өзүңүз тууралуу да айтып берсеңиз. Кайсы жерден болосуз?
- Мен 1988-жылы Нарын облусунда төрөлгөм. В.П. Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясында билим алдым. Мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумуна тапшырып, экономика жаатында билим алдым.
Кийинчерээк кино тармагында иштеп калдым. Мен үчүн чыгармачылык менен кино параллелдүү нерселер. Мурда киного, мультфильмге продюсер катары идея салсам, азыр ошол эле нерсени буюмга салып жатам. Кино, анимация - экранга чыга турган контент болсо, жоолук менен бел боо – биздин маданиятыбызды көрсөтө турган продукт деп эсептейм.
- Сизди продюсерлик менен алектенип жүргөнүңүздү билебиз. Дизайнерлик тармагына кандайча келип калдыңыз?
- Мындан төрт жыл мурун төртүнчү кызымды төрөгөндө белим ооруп, аны бекем байлап турууга апамдын бел боосун көрүп, мага ушундай буюм керек экен деп ойлогонмун. Андан кийин дизайнер кыз менен иштешип, өзүмө ылайыктуу бел боону жасадым. Тааныштарыма да бел боолорду белек кылып, алардын пикирлерин уктум. Ошентип, бара-бара "Tolkun ethno" бренди пайда болду. Кийин бел боого кошумча керектүү буюм катары жоолукту чыгардым. Ал эми жоолукту да "өзүбүздүн символдорубуз түшүрүлгөн, сапаттуу кездемеден жасалган жоолук болсо, сыймыктанып салынат элем" деген ой менен чыгардым. Өзүмө жаккан, айымдарга керектүү болгон жоолукту башка аялдарга керек болот деген ой болду.
Мындан тышкары өлкөбүздүн символдорун элге жайылтуу максаты да бар. Жоолуктун дизайны бир эле адамдын эмгеги эмес. Аны жасоодо атайын адистерден кеңеш алдык. Сүрөтчүлөр, компьютердик дизайнерлер концепциясын иштеп чыгууга, ал эми кездеме тандоого жана түстөрдү айкалыштырууга да атайын адистер жардам беришти. Бул жоолук – бир нече адамдын эмгегинин жыйынтыгы.
- Алдыда кандай жаңы долбоорлоруңуз бар? Дизайнер катары дагы кандай эмгектериңизди көрө алабыз?
- Учурда "Tolkun ethno" бренди менен өзүнчө команда болуп иштеп жатабыз. Жаздан бери салттуу чапандарыбызды азыркы учурга ылайыкташтырып, этно-кэжуал стилинде чыгаруу боюнча иш алып барып жатабыз.
- Маегиңизге чоң рахмат, Толкун айым! Ишиңизге ийгилик каалайбыз! Кыргыздын улуттук баалуулуктарын мындан ары да кеңири жайылта бериңиз.
Биринчи айымдын суктандырган жоолугун жасаган Толкун Дайырбекова менен маек
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















